УКМК: Жалал-Абад облусу боюнча «Кыргызавтожол» МИнин аймактык башкармалыктарында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген
Чиновниктер кылмыштуу схема уюштурушкан
Аталган факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын аймактык органдарынын кызмат адамдарына карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» ишканасына Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн милдеттерин абийирсиз аткарып, негизсиз, ашыкча бааланган, иш жүзүндө бүткөрүлбөгөн кабыл алуу боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкандыгы аныкталды. Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча жумуштардын көлөмү начар аткарылган.
Иштин алкагында тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, жыйынтыгында алдын ала 12 миллион сом өлчөмүндө зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын иш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү