Өзгөндүн тургуну диний экстремизмди жайылткан деген шек менен кармалды (фото)
Шектүү өз ишмердүүлүгү үчүн социалдык тармактарды колдонгон
Өзгөн шаарынын тургуну диний экстремизмди жайылткан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарында жашаган кыргызстандык жаран аныкталып, кармалды», - деп айтылат милициянын маалыматында. - Кармалган жаран социалдык тармактар аркылуу диний-экстремисттик бирикменин маалыматын тараткан деп шектелип, өлкөдө бул уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдар сотко жөнөтүлдү.
Михаил Готфрид
Сүрөт www