Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун “Амири” кармалды (фото)

КР УКМК өнөктөшү атайын кызматтар менен биргеликте иш-чараларды өткөрдү

Өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 11-ноябрь күнү КР МУККнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «М.М.» аттуу чет элдик жаран кармалды. Областтык лидерлердин бири («Амир»), «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.


Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн чет элдик жаран «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун жактоочуларын алыстан тартуу жана окутуу менен активдүү алектенип, ишмердүүлүгүн координациялаган. Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик топтун мүчөлөрү Европа өлкөлөрүнүн (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) аймагында жашаган «Хизб-ут-Тахрир» ЖМК өкүлдөрү менен байланышта болгон.


Кармалган адам УКМКнын ИВС СИЗОсуна киргизилген. Кармалган адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, издөөдө жүргөн адам белгиленген тартипте келип чыккан өлкөсүнө экстрадицияланат.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх