Бишкекте батирден 450 миң сомдук тыйындар коллекциясы уурдалган. Шектүү кармалды (фото)
Полициянын маалыматына караганда, бул адам бир катар уурулуктарга катыштыгы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында батирден 450 миң сомдук баалуу металлдан жасалган монеталардын коллекциясын уурдап кеткен деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
-Кылмыш үстүбүздөгү жылдын август айында болгон, - деп милициядан маалымат берди. - Эртең менен кол салгандар жеке үйлөрдүн бирине киришкен. Алар терезеден кирип алтын буюмдарын, жалпы суммасы 450 миң сомдук баалуу металлдардан жасалган коллекциялык монеталарды уурдап кетишкен. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштар боюнча мурда бир нече жолу соттолгон шектүү жаран аныкталып, кармалды. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө анын борбор калаадагы батирлер менен үйлөрдөгү 4 уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган. Тергөө ишин улантууда.
Михаил Готфрид
Сүрөт www