Бишкекте "Промзона" клубунан ок чыгарган эки адам кармалды (фото)
Милиция кылмыш ишин козгоду
Бишкектеги белгилүү "Промзона" түнкү клубунун алдында атышуу болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 4-декабрь күнү саат 03:30дар чамасында белгисиз адамдар түнкү клубдун биринде отуруп, оозеки урушуп, андан соң алардын бири газ-травматикалык тапанчасын алып чыгып, башка адамга каршы колдонгон. Жабырлануучу кылмышкерге чара көрүү тууралуу арыз жазган.
- Бул факт Октябрь райондук ИИБнин ЭПККсына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды, деп белгиледи ведомство. - Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында укук коргоо кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган З.М., жана 1988-жылы туулган М.В., аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Сүрөт www