Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Саяк жана Мики Чор каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүн кармады (фото)

Алар Нарын облусунун Жумгал районунун кылмышкерлеринин өкүлдөрү

УКМКнын кызматкерлери Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын көмөгү менен Жумгал райондук ИИБнин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү К.М.  "Саяк" каймана аты бар жана  «Кыргыз-Көмүр» МИнин Кара-Кече кенинен, тактап айтканда №24 карьерден көмүрдү мыйзамсыз алып чыгып кеткендиги үчүн Ж.М. «Мики Чор» каймана аты бар жаран кармалган


Белгилей кетсек, буга чейин өлкө жетекчилиги эл үчүн Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган.


Ошентип, К.М. жана Ж.М. 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү Кара-Кече филиалынын кызматкерлерин жеке баюу максатында күч колдонуу менен коркутуу жолу менен өз билемдик менен көмүрдөн чыгарып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх