Талас облусунда мектеп окуучусу асынып алды
Облустун ички иштер башкармалыгына өз жанын кыйганы тууралуу эки күндөн кийин гана маалым болгон
Талас облусунда мектеп окуучусу асынып алды. Окуя тууралуу облустук билим берүү борборуна шилтеме берүү менен АКИpress маалымат порталы кабарлады.
Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы жеке үйлөрдүн биринин короосунан 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Маркум эч кандай жазуу калтырган эмес, мектепте жана достору менен жакшы мамиледе болгон. Баланын ата-энеси тун уулун дарылоо үчүн Түркияда болушкан.
Туугандары баланы көмүп, экспертиза жүргүзүүдөн баш тартып, эч кимге доо арыз жазышкан эмес.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына телефон чалган, бирок укук коргоо кызматкерлери эки күн мурун болгон өз жанын кыйган окуя боюнча кошумча маалымат берүүнү суранышкан.
Кийинчерээк милиция бул факты боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирген.
Лейла Молдыбаева
Сүрөт www