Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда темир жолдо бензин куюлган вагондор оодарылып, бир адам каза болду (фото)

Дагы бир жабырлануучу ооруканада

Ош облусунда темир жолдо бензин ташыган вагондор оодарылып, адамдар жабыркады. Каргашалуу окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

-Окуя кечээ Ош шаарынын чет жакасындагы Нариман айыл аймагынын темир жол бекетинде болгон, деп билдирди башкармалык. «Үч бензин цистернасы рельстен чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жумушчулардын бири, 59 жаштагы темир жол диспетчери ошол жерде каза болгон. Дагы 22 жаштагы жигит Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Өрт коркунучу болгон. Куткаруу иштерине ӨКМдин, өрткө каршы кызматынын кызматкерлери жана тез жардам кызматынын дарыгерлери тартылган. Учурда цистерналардын рельстен чыгып кетишинин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Михаил Готфрид
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх