Биринчи май райондук ИИБ жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду
Милиция окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүп жатат
Бишкекте 14 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тергөө КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатат», - деп билдиришти укук коргоо органдарынан. Оор кылмыштар, өзгөчө жашы жете элек кызды зордуктоо биздин атайын тизмеде. Учурда бардык керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалыматты кийинчерээк беребиз.
Эске салсак, кыргызстандык укук коргоочу, «Оазис Кыргызстан» борборунун директору Мээрим Осмоналиева Фейсбук баракчасына 14 жаштагы окуучу кыздын апасы кайрылганын жазган. Ата-энесинин айтымында, кызына жарым жыл бою баңгизат сайылып, чет элдиктерге да сатылып кеткен. Кыздын зордукталганын апасы кокустан билип калган. Жеке клиника да кызынын венерикалык ооруларга чалдыкканын айтышкан. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында аял милицияга кайрылган, бирок анын пикиринде, укук коргоо органдары активдүү эмес жана тергөө иштери алдыга жылбай жатат.
Лейла Молдыбаева
Сүрөт www