Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муунтуп, дарыяга ыргытылган. Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды

Маркумдун күйөөсүнүн айтымында, жубайы туугандарына конокко кеткен бойдон кайтып келген эмес

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сууга агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Үрөй учурган табылга тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

- Жергиликтүү тургундун күйөөсү милицияга кайрылган, - дешти милициядан. - Анын айтымында, 30 жаштагы жубайы туугандарына конокко кетип, үйүнө кайтып келген эмес. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери башталды. Эки күндөн кийин аялдын жансыз денеси дарыядан табылган. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө денеден зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган. Аялдын мойнуна жоолук салынган, чачы жайылып кеткен. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыктаган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аталган айыл аймагынын 22 жаштагы тургуну Атабековдун өздүгү такталды. аСурак учурунда ал кылмышты кантип жасаганын айтып берди. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтылат.

 


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх