Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте гаражда Lexus 570 унаасы күйүп кетти (сүрөт)

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

Бир күн мурун Бишкекте 12-кичирайондо жайгашкан ГСK гараж куруу кооперативинде Лексус 570 күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, окуя болгон жерге Октябрь райондук No5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм чыгып кеткен. Натыйжада өрт саат 13:32де локализацияланып, саат 14:34тө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 25 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх