Бишкекте орус жаранын сүзүп кеткен айдоочу алардын кызматкери эмес экенин УКМК билдирди
Жабырлануучуга тиешелүү органдарга арыз жазуу сунушталды
Маалымат сайттарынын бирине Бишкекте Орусиянын жаранын УКМКнын кызматкери унаасы менен сүзүп, андан соң аны сабап салганы тууралуу маалымат жарыяланды.
«УКМК расмий түрдө ЖМКлардагы бул маалымат чындыкка коошпойт жана туура эмес деп билдирет. Аталган жаран УКМКнын кызматкери эмес. Жабырлануучу арыз менен тиешелүү органдарга кайрылуусу керек”, - деп билдирди УКМКнын басма сөз борбору.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да маалымат каражаттарын дыкат текшерүүгө чакырды.
«Биз журналисттерди жарандарыбызга күмөндүү жана текшерилбеген билдирүүлөргө негизделбей, ишенимдүү маалымат берүүнү улантууга чакырабыз. Маалыматты жарыялоодон мурун кылдаттык менен текшерип чыгууну суранабыз, анткени мындай басылмалар КР УКМКнын жалпы курамына көлөкө түшүрөт», — деп айтылат маалыматта.
Бирок Vesti.kg сайтынын редакциясы жогорудагы окуя боюнча УКМКнын басма сөз борбору менен байланышып, комментарий алуу үчүн эртең менентен бери эч кандай майнап чыкпай жатканын өзгөчө белгилей кетүү керек. УКМКнын басма сөз борборундагы кабарчынын чалууларына жана билдирүүлөрүнө бир да жолу жооп берилген эмес. Башкача айтканда, редакциянын УКМКнын өздүк курамына көлөкө түшүрбөө үчүн бир нече жолу, белгисиз себептер менен маалыматты кылдаттык менен текшерүү аракетине УКМК көңүл бурган эмес.
Сүрөт www