Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

19 жаштагы эненин өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

Канттагы төрөт үйүнүн дарыгерлери кесиптик милдеттерин аткарбады деп шектелүүдө

Бишкектеги ооруканалардын биринде толгоо тартып жаткан 19 жаштагы келиндин өлүмү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милиция маркумдун эжеси арыз менен кайрылганын тактады. Ал Канттагы төрөт үйүнүн дарыгерлери өз милдеттерин так аткарбай, кийин жаш келиндин өлүмүнө алып келди деп эсептейт. Бул факты боюнча «Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иш боюнча бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалды.

«Учурда кылмыш иши боюнча комплекстүү иликтөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз», - деп жыйынтыктады ведомство.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты Бишкектеги ооруканалардын биринде толготуп жаткан 19 жаштагы келин каза болгонун билдирген. Белгилүү болгондой, келин Ысык-Ата районунда жашап келген. Туугандары аны Бишкектеги ооруканага жеткиргенден кийин, аял ошол жерден каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги да окуяны иликтей турган комиссия түздү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх