Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында милиция кызматкери асынып алды

Офицердин үй-бүлөсүндө үч бала калды. ППСтин  взводуна командалык кылган, эч ким менен чыр-чатак болгон эмес

Нарында милиция кызматкери асынып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Маркумдун жансыз денеси өз үйүнөн табылды», - деп билдиришти милициядан. - Маркумдун сыртынан физикалык зомбулуктун белгилери табылган эмес. Туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартып, эч кимге дооматы жок экенин айтышкан. Бирок окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маркум ППС взводунун командири болуп кызмат өтөгөн, абалы жакшы, эч ким менен уруш-талашы болгон эмес. Ал үй-бүлөлүү, үч балалуу болгон.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх