Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада кафеде эркек киши салфетка салгычты кыздын бетине ыргыткан (видео)

Милиция хулиганды кармады. Ал буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын 25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында шаардагы кафелердин биринде иштеп жүрүп азиат улутундагы белгисиз адам анын бетине салфетка салгычты себепсиз ыргытып, денесине залал келтиргенин көрсөткөн.


Окуя болгон жерге келген райондук милиция кызматкерлери кафеге орнотулган көзөмөл камераларындагы жазууларды изилдеп, көп өтпөй кылмышкердин өздүгүн аныкташкан. Бул мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган 27 жаштагы жергиликтүү тургун Ю.Б болгон.

Кармалган адам юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Ысык-Көл облусунун ИИБнын видеосу

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх