Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

26-27-январь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Шавкат Мирзиёевдин сапарына байланыштуу кыймыл чектелет

Бишкекте 26-27-январда айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин ГУОБДД басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарына байланыштуу көчөлөр жабылат.

Төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

- “Манас” аэропортунан Бишкектин чек арасына чейин.
- Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин.
- Чүй проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин.
- Манас жана Ч.Айтматов проспектиси менен Мамлекеттик резиденцияга чейин.
- Дооронбек Садырбаев көчөсүндөгү Мамлекеттик резиденциядан Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Башкармалык Бишкек шаарынын конокторун жана тургундарын кыймылдын маршрутун алдын ала пландап, жогорудагы убакыт чектөөлөрүн эске алып, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

«Ошондой эле жогорудагы көчөлөрдө унааларды калтырбоону жана токтотпоону жана каршы тилкеге ​​чыкпоону суранабыз», - деп жыйынтыктады МАИ кызматы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх