Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын башкы адисин пара менен кармады (фото)

Ал президенттик аппараттын алдындагы «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясынан» акча талап кылган

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары кармалган. Акча алып жаткан учурда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы кармаган.


Кармалган адам айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү үчүн Президенттин Аппаратына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен акча талап кылгандыгы аныкталган.

УКМКнын басма сөз борбору

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх