Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду

Кармалган жарандар чет элдиктер экени аныкталган

Кыргыз Республикасынын УКМК Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, жана синтетикалык баңги заттардын, анын ичинде жаштар арасында жайылуу тенденциясын эске алуу менен, Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-февралында аталган баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышты, аларды тинтүү учурунда марихуана баңги заты, «Мефедрон» синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады, андан соң ал КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, учурда республиканын аймагында синтетикалык баңги заттарды колдонуунун жана жайылтуунун өсүү тенденциясы байкалууда, өзгөчө жаштар арасында улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна реалдуу коркунучтарды жаратарын эскертет.

Ушуга байланыштуу, КР УКМК төмөндөгүдөй маалыматтар болсо   0312660475 номуруна чалып билдирүүгө чакырат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх