Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Базар - Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды

Аталган кызмат адамдары жеке ишкерден 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган

2023-жылдын 6-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх