Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кармалган жаран адам уурдоо боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда К.Досоновдун (“Дженго” деген ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кармалган О.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Учурда кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх