Сузак районунда 10-класстын окуучуларынын ур-токмогунан 15 жаштагы өспүрүм көз жумган
Милиция окуяга тиешеси бар төрт шектүүнү кармады
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10- класстын окуучулары бир жаш ылдый мектеп окуучуларын сабап, анын кесепетинен бир өспүрүм каза болуп калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
- Милицияга жергиликтүү тургун чалып, кечээ, 1-март күнү бейтааныш жигиттер анын инисин сабап салышканын айткан, - дешти укук коргоо кызматкерлери. Он беш жаштагы өспүрүм ооруканада каза болуп калган. Алдын ала иликтөө иштеринин натыйжасында 1-март күнү саат 14.00дөр чамасында Багыш айыл аймагынын Сафаровка айылынын аймагындагы эски мектептин имаратында Ж. Бөкөмбаев атындагы мектептин 10-классынын окуучулары ошол эле мектептин 9-класс окуучуларын катарга тизип, ур-токмокко ала башташкан. Өспүрүмдөрдүн бири соккудан жерге кулап, башы менен жерге тийип, ошол жерден жан берген. Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
- Шектүү 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маркумдун денессине соттук-медициналык экспертиза дайындалды, - деп айтылат маалыматта.
фото www