Финансы министрлигинин жооптуу аткаминери мамлекеттик ишке киргизеп деп жарандан 700 АКШ долларын алып алган
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду
КР УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.
Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз