Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россияда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 15 миң АКШ долларына кыргыз паспортун алууну пландап жүргөн

Ал УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россия Федерациясынын ФСБсы аркылуу Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх