Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кафеде мушташкан депутат. Абировдун үстүнөн арыз жазылды

Буга чейин соцтармактарда эл өкүлү катышкан уруштун видеосу тараган эле

Депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып,12-мартта саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, ур-токмокко алганын билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө иштери улантылып жатканын маалымдашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ орун алып, анын видеосу социалдык тармактарга тараган. Колдонуучулар мушташка катышкандардын арасынан депутат Жаныбек Абировду таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх