Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери кармалды

Алар чет элдик студенттерди окуу жайга мыйзамсыз киргизип келишкени аныкталган

Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди окутуу ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү кызматтарын экспорттоо багытында өлкөнүн кызыкчылыгына жана имиджине зыян келтирген, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдарында одоно бузган фактылары аныкталды.

Университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган. Билим берүүдөгү мыйзамдардын талаптарына дал келбеген чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу боюнча чечимдерди кабыл алган.

-Чет өлкөлүк студенттер экзамен тапшырбай кабыл алынганы, документтердин ылайык келүүсү жөнүндө жүргүзүлчү экспертизасы жок эски мөөнөттөр менен чыгарылганы аныкталды. Ошол эле учурда, кабыл алынган студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын аймагында узак убакыт бою жок болушкан. Толук бир окуу жылына арналган сабактары 1 семестрде өткөрүлгөн. Бул мыйзам бузуулар УКМК тарабынан демилгеленген Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталды- деп берилет билдирүүдө.

Аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталып, материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх