Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунун жашоочусунун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды

Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилд

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизатын таап, жүгүртүүдөн алышты.

Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдө маалымат тастыкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча кылмышка шектүү Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П. аттуу жарандын кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг 816 гр марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг 750 гр салмактагы гашиш табылган.

Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү.

Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх