Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелген жаран Казакстанга качууга аракет кылган

Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө жеткирилди

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран Казакстанга качууга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 22:40тар чамасында милицияга Кара-Балта шаарында жайгашкан “Алладин” кафесинде 27 жаштагы Ж.Ж.И аттуу жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде 5-апрелде болжол менен саат 03:00дө Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы “Чалдабар” өткөрүү постунун алдынан кылмышка шектүү жаран кармалган.

Шектүү Сокулук районунун 32 жаштагы А. уулу Б. аттуу тургуну болуп чыкты, ал тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх