Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Опера ырчысы Сталбек Алмасбеков менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-апрелде өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, сахна жылдызы менен коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Башталышы саат 11:00.

Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Ал 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алмата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, Эл артисти Сталбек Алмасбеков 5-апрелде 70 жаш курагында дүйнө салды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх