Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык спортчу Азамат Жанузаков шахбокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Чемпионат 4-7-июнунда Индиянын Калькутта шаарында өтөт

Кыргызстандык спортчу Азамат Жанузаков шахбокс боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат ушул жылдын 4-7-июнунда Индиянын Калькутта шаарында өтөт.

“Азия чемпионатына Кыргызстандан бир спортчу Азамат Жанузаков катышат. Бирок дагы эки спортчу катышат жеп жатабыз, анын бирөөсү кыз болот”, - деди Доромбаев.

Азамат Жанузаков Москвада жүргөндө ага шахбокс боюнча турнирге катышуу үчүн сунуш түшкөнүн айтты.

“Өзүм 2008-жылдан тарта бокс менен машыгып, бир жылдан кийин Москвада өткөн турнирде чемпион болгом. Ошондой эле тайбокс боюнча мелдештерге дагы катышып жүргөм. 2013-жылы жаракат алып, таймаштарга катышпай калгам. Өткөн жылы мага шахбокс турнирине катышуу боюнча сунуш түшүп, спорттук иш-чараларга катыша баштадым. 26-февралда 30 өлкөдөн келген спортчунун катышуусунда шахбокс боюнча таймаш өттү. Мен 70 кг салмакта Кыргызстандын атынан чыгып, 6-орунга илиндим. Башка дагы үч турнирге катышып көрдүм”, - дейт спортчу.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх