Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери жүрүп келгенин аныктады

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан КР "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында "Чаткал" токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары КР мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Чаткал районундагы "Каратюбе-Бузук" участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42,9 га жер аянтына "Э" ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүшүп, ашыкча 18,83 га жер аянтын мыйзамсыз ижарага берип жиберишкендиги аныкталган.

Мындан сырткары, "Э" ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө КР "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 218-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх