Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөндөгү окуучулардын мушташы

Милиция окуянын жагдайын айтты

Өзгөндөгү Ж. Мойдунов атындагы №11 орто мектептин окуучулары мушташып, бир катар мугалимдер тартиптик жааз алышкан. Билим берүү жана илим министрлиги окуя 17-майда сабактан тышкары убакта болгону билдирген.

Облустук милициядан Kaktus.media редакциясына мушташтын айрым жагдайларын айтып беришти. Маалыматка ылайык, 8-класстын окуучулары 7-класстын окуучуларынан акча талап кылышкан.

"Окуянын бардык катышуучулары ата-энелеринин катышуусунда суракка алынды. Окуучулардын айрымдары рэкетчилик болгонун четке кагышууда. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешет милициядан.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх