Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада КР жарандарын уурдап, опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Сот тарабынан алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды

Москвада мекендештерин уурдап, опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички ичтер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында опузалап талап кылуу жана өз мекендештерин уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн. Ушуга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп баштаган.

Алсак, 23-майда Москва шаарындагы Новогиреево райондук милициясына Кыргызстандын 37 жаштагы жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетишип, акча талап кылып жатканын билдирген. Уурдалган Кыргызстандын жараны 1998-жылы туулган А. уулу Н. туугандарынан жана тааныштарынан 150 миң рубль которууну суранган. Ошол эле учурда анын кайда жүргөнү белгисиз болгон.

Бул факты каттоого алынып, КР жана РФ ИИМ кызматкерлери биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен эркине каршы мыйзамсыз камап турушкан жогорудагы уурдалган жаран А. уулу Н. табылган. Бул кылмыш ишине шектүү катары адамды уурдоо, опузалап талап кылуу жана карыздарды өндүрүү менен алектенип келишкен алты адам кармалган. Бардык кармалгандар Кыргызстандын жарандары болушат, алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары: 1996-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган Т. уулу А., 1997-жылы туулган М. уулу Э., 2000-жылы туулган Ы. Б., 1999-жылы туулган Ж. Р., 2001-жылы туулган Б. уулу А..

Ошондой эле бул батирден кылмышкерлер өз эркине каршы камап турушкан КР жараны 2000-жылы туулган Н.Д. да табылган. Кылмышкерлер андан 300 миң рубль талап кылышкан. Аныкталгандай, экөөнү тең сабашып, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан.
Бул фактылар Москва шаарынын Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү тарабынан РФнын мыйзамдарынын "Эркинен мыйзамсыз ажыратуу", "Опузалап талап кылуу" жана "Адам уурдоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 10-майында кол салгандар ошол эле батирге Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.А.ны күч менен алып келишкен. Аны коркутушуп, 1 млн рубль өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча РФнын "Адам уурдоо" жана "Опузалап талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Учурда процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуларга жактоочулар берилип, тергөө амалдарына котормочулар да тартылууда. Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх