Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, эки адам каза болду

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында чайканадан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, А.Нураков №1 көчөсүндөгү жалпы аянты 308 чарчы метрди түзгөн чайкана толугу менен күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, таңкы саат 05:01де жалын толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсык катталган жерден куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы адамдардын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх