Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен 68 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Издөө иштерине 19 куткаруучу тартылган

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жарандын сөөгүр тапты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпы издөө иштерине 19 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, 2-июль күнү Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жатканда экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар аккан сууга кирип кеткен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх