Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта каржы пирамидасын уюштуруп, 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген аял кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголду

Сокулукта каржы пирамидасын уюштуруп, жабырлануучуларга 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июндун аягында Сокулук райондук милициясына арыз менен Кун-Туу айылынын А.Ж. аттуу тургуну кайрылып, арызында ал А. аттуу аял Whatsapp мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем” деп алдап, 187 миң сом акчасын котортуп алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Сокулук РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда А. аттуу аял Whatsapp мессенджеринде катышуучулары карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпаларды түзүп, аларга “кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем” деп алдоо жолу менен акчаларын котортуп алгандыгы аныкталды.

Учурда тергөө кызматына аталган аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 млн сомдон ашык экени такталды.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында А.аттуу аял 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Сокулук райондук сотунун чечими менен Ж.А. карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
"Эгер Ж.А. аттуу аялдын кыймыл-аракетинен жабыр тарткандар болсо, Сокулук райондук милициясына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: 03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Whatsapp), 0700343803", - деп белгилешти милициядан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# DR UMAR 18.07.2023 22:10
Сиз бөйрөгүңүздү сатып алууну көздөп жатасызбы же бөйрөгүңүздү сатканы жатасызбы? Финансылык каатчылыктан улам бөйрөгүңүздү накталай акчага сатуу мүмкүнчүлүгүн издеп, эмне кыларыңызды билбей жатасызбы? Бүгүн биз менен байланышыңыз, биз сизге бөйрөгүңүз үчүн жакшы 400 000 доллар сунуштайбыз
,Электрондук почта:
WhatsApp: +31 684911709
Telegram:+31 684911709
Viber: +31 684911709
Биз сизге бөйрөгүңүз үчүн жакшы сумманы сунуштайбыз.
Менин атым доктор УМАР Мен UMAR клиникасында нефрологмун. Биздин клиника бөйрөк хирургиясы боюнча адистешкен жана биз да дарылайбыз
менен бөйрөктөрдү сатып алуу жана трансплантациялоо
Корреспондент донор.

Биз Индия, Түркия, Франция, Нигерия, Америка Кошмо Штаттары, Малайзия, Дубай, Кувейтте жайгашкан

кунт коюп
DR УМАР
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх