Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды

Алар каргашалуу окуялар учурунда кагылыш болуп жаткан аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жай тургундарга дагы кол салууларды уюштургандыгы маалым болгон

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан кылмыш ишинин материалдарынын алкагында 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргызстандын жараны Г.Т.У. кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.

undefined

Ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Р.А. аттуу жаранынын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон.
Р.А.нын жашаган жеринде тинтүү учурунда 6,5мм калибрлүү 1 - “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 - 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды.

undefined

undefined

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх