Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Жабырлануучулар Токмок шаардык аймактык ооруканасына жеткизилген

Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен "Фольксваген пассат" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги "Хонда Адиссей" унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта "Фольксваген пассат" унаасынын мотор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен "Хонда Одиссей" унаасынын 2 жүргүнчүсү жана "Фольксваген пассат" унаасынын айдоочусу Токмок шаардык аймактык ооруканасына жеткизилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх