Бишкекте ташталган дагы бир ымыркай. Шектүү катары 20 жаштагы келин кармалды
Ал тергөө кызматына жеткирилди
Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин жанынан ымыркайын таштаган деген шек менен 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, ал тергөө кызматына жеткирилди.
- Кошумча маалымат дагы берилет, - дешти башкармалыктан.
Эске салсак, кечээ түнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин жанынан коробкага салынган абалда ымыркай табылган айтылган. Бул факты боюнча милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз