Бишкек шаарынын тургуну BMW X6 үлгүсүндөгү унаасын көз боемочуларга алдатып жиберди
Ал мурда бир нече жолу соттолгон Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты
Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 2021-жылы бир жаран унаасын алмаштырууну сунуштап кайрылганын билдирген.
Натыйжада ал ишенимге кирип алып, 18 миң долларлык BMW X6 үлгүсүндөгү унаасы менен изин жашырып кеткен. Кийинчерээк ал унааны үчүнчү жактарга сатканы белгилүү болгон.
Бул фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 3-бөлугу боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Кылмышка шектүү делип бир нече жолу соттолгон Бишкек шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган С.В. Кармалган адам Соттун чечими менен СИЗО-1дин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
BMW X6 унаасы айып короодо турат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Фото www