Казакстанда мыйзамсыз миграция каналын уюштурган кыргызстандыктар кармалды
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат
Жамбыл облусунда мыйзамсыз миграция каналын уюштурган үч адам кармалды. Бул тууралуу аталган аймактын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз жана казак жарандары түштүк азиялык 20 адамды Казакстанга мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарын айланып киргизишкен.
Мекеме билдиргендей, акыркы жарым жылда Кыргызстан аркылуу Түштүк Азия (Пакистан, Непал жана Шри-Ланка) жарандарынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн учурлары көбөйгөн
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз