Фейсбукта жазган пикир үчүн 70 жаштагы апага 50 миң сом айып салынды
Мындай чечимди Жалал-Абад облустук соту кабыл алган
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад облустук соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Азаттык” жазды.
Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.
Эске салсак, Таштанованы 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен кармалганын билдирген.
Фото www