Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси СИЗОго киргизилди
Ал 200 миң доллар пара менен кармалган
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 21-январга чейин камакта болот.
Эске салсак, ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси 23-ноябрда көмүр казган ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз