Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 10 сойкукана жабылды (видео)

УКМК профилактика катары анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялай турганын билдирди

УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштердин алкагында кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктап, алардын ишмердигине бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-26-ноябрга караган түнү Бишкекте массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн он жай аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде «Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо» каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында он уюштуруучу жана ээлери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча максаттуу ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө», — деп белгиледи УКМК.

Ал жайлардын уюштуруучулары жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз-келин кармалды. Алардын арасында борбордогу окуу жайлардын студенттери да бар. Тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган, — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде «Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо» каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында он уюштуруучу жана ээлери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

- Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча максаттуу ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө, — деп айтылат маалыматта.

УКМК мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары кармалган ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялай турганын кошумчалады.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх