Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө фейерверк ташып бараткан жүк ташуучу унаа жарылып кетти (видео)

Кырсык бир адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көл облусунда жүк ташыган унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда (Тоң району) жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган "HOWO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Мындан улам унаадагы фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, анын өздүгү такталууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх