Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери карда калган казакстандык бир үй-бүлөнү кардан куткарып калышты – видео

Туристтер бараткан жол тандабас кар күрткүсүнө тыгылып калган

Маалыматка ылайык, окуя өткөн ишембиде болгон. Беш адамдан турган үй-бүлө Ак-Суу районундагы жайлоого жол тандабас унаа айдап бара жатып, кар күрткүсүнө тыгылып калган. Туристтер өз алдынча чыга албай калышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Тоо-куткаруу кызматынан 4 кызматкер, ошондой эле министрликтин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн 2 куткаруучу барышкан. Алар казактардын унаасын куткаруучу унаанын жардамы менен алып чыгышкан.
Туристтердин абалы канааттандырарлык.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх