Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде 46 жаштагы жаран бычак жеп каза болду

Шектүү кармалды

Баткенде 46 жаштагы жаран бычак жеп каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык тууралуу милицияга 13-декабрда таңкы саат 06:55те билдирүү түшкөн.

Аталган факт Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө топ барган.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну 46 жаштагы А.К. денесинен жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилган. Бирок ооруканада каза болгон.
Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, алынган заттарды жыйнап, аларга тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Көп өтпөй кылмышка шектүү делип Баткен шаарынын 40 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү мурда соттолгон.
Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх