Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки эркек чоочун Land Rover жана Renge Rover унааларын сатып жиберишкен

Жабырлануучу 35 миң долларга чыгымга учураган

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалды.

Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-декабрда милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, үстүбүздөгү жылдын жай айларында И., М. аттуу адамдар анын ишеничине кирип алышып, Land Rover жана Range Rover унааларын башка бирөөлөргө сатып жиберишкенин айтып арызданган. Жабырлануучу келтирилген чыгымды 35 миң долларга баалаган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 25 жаштагы А.М. жана И.И. кармалды. Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Кылмышкерлердин жапа чеккендер болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (502) 120 570, 0 (559) 085 959 же 102 телефон номурларына чала алышат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх