Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда баңгизат сатуу менен алектенген милиция кызматкери кармалды

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендигин белгиледи. 14-декабрда афган чарс маңзатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда ал пара менен кармалды. Мындан тышкары, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан дагы эки жаран кармалды.
Азыркы учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх