Ала-Букада аткезчиликке көмөктөшкөн 8 чек арачы кармалды
Алар акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрга карган түнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, УКМКнын чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чек ара кызматынын «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды. Кармалган чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган.
Көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы уюштурулуп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталган. Аталган чек ара кызматынын кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө максатында, ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган.
Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен, «Баймак» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.
Учурда бул контрабандалык ишке катышкан «Баймак-автожол» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жаран кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Фото www