Москвада 20 жаштагы кыргыз жигит кар күрөп жаткан чатырдан кулап каза тапты
Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголду
Москвада 20 жаштагы кыргыз жигит кар күрөп жаткан чатырдан кулап каза тапты. Кырсык 16-декабрда орун алганы маалым.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова «Азаттыкка» мигранттын өлүмүн ырастап, сөөктү Кыргызстанга жеткирүү маселеси чечилип жатканын айтты.
- Бул окуя боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, укуктук баа берилет. Дүйшөмбү күнү маркумдун сөөгүн мекенибизге жөнөтүү пландалып жатат. Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө, - деп билдирген журналисттерге Жусубакунова.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз